Медеткан Шеримкулов менчик объектиси жок экенин билдирди. УКМК аны төгүндөдү

  • 1 месяц мурун

Чүй облусунун Сокулук районундагы Жыламыш айылында жайгашкан эки кабаттуу мектептин кайтарылышы боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тараткан маалыматты Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов төгүндөгөн. УКМК буга жооп катары имараттын документтерин көрсөтүп, аталган объект Шеримкуловго таандык болгонун жана кайтарылганын тастыктады.  

Би-Би-Си радиосуна Медеткан Шеримкулов мындай деген:        

“Жыламыш айылындагы бул мектеп 1992-жылы айылдыктардын суранычы, менин жардамым менен башталган. Бирок мен иштен кеткенден кийин каражат жок, бүтпөй калганы чын. Бул мектепти, ага караштуу жер аянтын дагы мен эч убакта менчиктештирген эмесмин. Менин менчигимде эч качан болгон эмес» деди Медеткан Шеримкулов.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Чүй облусунун Сокулук районундагы Жыламыш айылында жайгашкан эки кабаттуу жалпы аянты 20 га мектептин имараты мамлекеттин балансына кайтарылганын билдирген. «Көрүлгөн чаралардын натыйжасында мектептин ээси М.Ш. сметалык баасы 376 млн 339 миң сомду түзгөн объектини өз ыктыяры менен мамлекеттин менчигине өткөрүп берди» деп билдирген.

УКМК Шеримкуловдун айткандарын төгүндөдү жана аталган объекттин документтерин жарыя кылды.

«ЖКнын экс-спикери Медеткан Шеримкуловдун Жыламыш айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилген мектептин имаратына ээлик кылганы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт.  УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2024-жылдын 11-сентябрында “документтерди өткөрүү-кабыл алуу актысынын негизинде” орто мектептин документтери Сокулук районунун Жыламыш айылындагы Гавриловка айыл өкмөтүнө берилди” деп айтылат УКМКнын кийинки билдирүүсндө.   

Медеткан Шеримкулов менчик объектиси жок экенин билдирди. УКМК аны төгүндөдү

Сүрөт: Жыламыш айылындагы мектеп имараты. УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты