Медер Алиевдин сүйлөгөн сөзү бурмаланган. Фактчекинг

Илмира Бечелова аттуу фейсбук колдонуучу өзүнүн баракчасында депутат Медер Алиев сүйлөп жаткан видеону жүктөп, анын айткан сөздөрүндө канчалык чындык бар деп суроо салган: 

“Ушул видеонун канчалык деңгээлде чындыгы бар? Баягыда жүктөсөм, мага коркутуулар болду”-деп жазган.

Медер Алиевдин сүйлөгөн сөзү бурмаланган. Фактчекинг

“ПолитКлиника” аталган видеону анализдеп, андагы айтылган сөздөрдү салыштырып көрдү.

Видеодо азыркы учурдагы депутат Медер Алиевдин сөздөрү төмөндөгүчө берилген:

“Ушул жакка келип атып, мага вотсаптан Бакыт (Бактыбек Калмаматов) мырзага тиешелүү Садыр Жапаров видео жиберип ийиптир. Бакыт мырза мас болуп түшүп калган видеосу бар экен, ушуну көтөрүп кой дейт. Айттым, бул жигитчиликке жатпайт, мен үчүн дедим, эгерде саясатчы төшөктө бир кыз менен кармалса же мас болсо, демек ал саясатчынын артында башка калбыр иши жок экен, болгон тапканы ушул экен. Кайра тетирисинче, бул Бакыт мырзанын таза болгондугунун далили деп мен билем. Биз саясатта, мен ойлойт элем таза жигитчилик күрөшкөңдү үйрөнүшүбүз керек. Куйту, арамза, элдин алдында уят кылайын дебестен. Кыскача сөзүм ушул”. 

Бул видеонун үзүндүсү 2021-жылдын 10-январындагы референдумга карата уюштурулган теледебаттан алынган. Ага бир нече үгүт топторунун өкүлдөрү катышкан: 

Медер Алиев (Президенттик башкаруу), 

Бактыбек Калмаматов (президенттик башкарууга каршы),

Темирлан Султанбеков, Усубалиев Таалайбек, Канат Мидин уулу (парламенттик башкаруу)

Рита Карасартова (бардык вариантка каршы)

Шабданова Дариякан, Ринат Зарылбеков (парламенттик башкарууга каршы).

Дебаттын соңунда Медер Алиев өз сөзүн жыйынтыктап жатып, оппоненттерине кайрылган. 

“Ушул жакка келип атып, мага вотсаптан Бакыт (Бактыбек Калмаматов) мырзага тиешелүү досум видео жиберип ийиптир. Бакыт мырза мас болуп түшүп калган видеосу бар экен, ушуну көтөрүп кой дейт. Айттым, бул жигитчиликке жатпайт, мен үчүн дедим, эгерде саясатчы төшөктө бир кыз менен кармалса же мас болсо, демек ал саясатчынын артында башка калбыр иши жок экен, болгон тапканы ушул экен. Кайра тетирисинче, бул Бакыт мырзанын таза болгондугунун далили деп мен билем. Биз саясатта, мен ойлойт элем, таза жигитчилик күрөшкөңдү үйрөнүшүбүз керек. Куйту, арамза, элдин алдында уят кылайын дебестен. Кыскача сөзүм ушул”. 

Тактап айтканда, Медер Алиевдин “досум” деген сөзү “Садыр Жапаров” деп өзгөртүлгөн.

Жыйынтык: Социалдык тармактарда тарап жаткан Медер Алиевдин сөзү өзгөртүлүп монтаждалган.

Сүрөт: Теледебат учурундагы видеодон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты