MBANK Орусиянын банктары менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу токтотту

  • 4 недели мурун

Мбанк («Кыргызстан») 16-августтан тартып, Орусиянын банктары менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу токтотту. Кызматташтык токтогон банктардын катарында Орусиянын Сбербанк, Тинькофф жана МТС банктары да бар.

МБанктын сайтындагы маалыматка караганда, акча которуу кызматташтыгы качан жанданары белгисиз.

Ошол эле учурда Мбанкка акча которуу санкцияга туш болбогон банктар аркылуу рубль менен жүргүзүлөрү кошумчаланган.

МБанк акча которуу жаатында Орусиянын банктары менен тыгыз кызматташып келген. Аталган банктын мобилдик капчык тиркемеси Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын акча которуусуна ыңгайлаштырылган болчу.

13-августта түштүк Кореялык Kookmin Bank Кыргызстандагы банктарга сентябрдан тарта доллар менен операция жүргүзүүнү токтоторун жарыялаган. Улуттук банк муну Батыштын санкцияларын сактоо аракети менен байланыштырган.

Июлда Кыргызстан Орусиянын санкциядагы “Мир” картасын тейлөөчү өзүнүн программасын даярдап жатканы кабарланган. Өлкөнүн банктар аралык процессинг борбору программалык камсыздоону иштеп чыгары менен апрелден бери бөгөттөлүп келген “Мир” картасын тейлөө кайра уланары маалымдалган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты