Матраимовдун “Эрем” спорт клубу Ош мэриясына өткөрүлдү

  • 2 недели мурун

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, ушул тапта камакта жаткан Райымбек Матраимовдун Оштогу “Эрем” спорт клубу Ош шаардык мэриясына өткөнү белгилүү болду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкулов билдирди.

“Шаардык кеңеш аны мэриянын кармагына өткөрүү боюнча токтом кабыл алды. Эми ал токтом күчүнө киргенде спорт комитети иштетет” деди ал.

Ачык булактардагы маалыматтарда “Эрем” спорт клубу Руслан Матраимовго катталганы көрсөтүлгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ушул жылдын 8-февралында Райымбек Матраимовдун  34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине алынганын билдирген. Мунун ичинде Бишкекте жана Ош шаарында жайгашкан турак жайлар, коммерциялык имараттар бар.

Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор быйыл 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келген.

Кара-Суу райондук соту Тилек Матраимовдун ишин 11-июнда карап, 1 млн сом айып пул төлөөгө милдеттендирген жана жакынкы үч жылда мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан ажыраткан. Ош облустук соту 6-августта Тилек Матраимовдун апелляциялык арызын карап, айыптын өлчөмүн 300 миӊ сомго азайткан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 16-августта Руслан жана Исламбек Матраимовдордун ар бирине 50 миӊ сомдон айып пул салган. Райондук соттун маалыматына ылайык, алар Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” жана “Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш” беренелери менен күнөөлүү деп табылды. айымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

27-мартта Биринчи май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган. Ал ушул тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында камакта жатат.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Сүрөт: 27-март, 2024-жыл. «ПолитКлиника».

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты