Марк Цукерберг дүйнөдөгү экинчи бай адам болду

  • 2 дня мурун

Дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингин түзгөн Bloomberg Billionaires Indexтин маалыматы боюнча, Meta Platforms компаниясынын жетекчиси жана негиздөөчүлөрүнүн бири Марк Цукерберг дүйнөдөгү экинчи эң бай адам аталды. Анын азыркы таптагы мүлкү 206,2 млрд долларды түзөт.

Үчүнчү орунга Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос жылды, анын байлыгы Цукербергдикинен 1 млрд долларга аз экендиги айтылды.

Ал эми 1-орунда 256 млрд доллар байлыгы менен Илон Маск турат.

Маалыматта айтылгандай, үстүбүздөгү жылда Марк Цукерберг Metaнын акцияларын 60%га көтөрүү менен жана компанияга түшкөн кирешелерди өстүрүү менен өзүнүн байлыгын 78 млрд долларга көбөйткөн.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты