Манас районунда автобекетке караштуу жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

  • 21 час мурун

Талас облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Манас районунун Покровка (Семетей) айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы токтомунун негизинде “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынын Талас филиалына тиешелүү 0,28 га жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган мыйзам бузууларды четтетүү максатында облустук прокуратура тарабынан прокурордук акт келтирилип, аны кароонун жыйынтыгы менен жер тилкеси Талас облустук автовокзал, автостанция жана автокассалар мамлекеттик ишканасынын балансына кайтарылды.

Сүрөт: Башкы прокуратура

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты