Мамлекеттик салык кызматынын улук инспектору пара менен кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттин комитети (УКМК) тарабынан Мамлекеттик салык кызматынын улук инспектору К.С.А. пара менен кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, К.С.А. «Л.Н.» ЖЧКсы (Ош шаарында катталган)   ишкерди текшерүүнүн жыйынтыгын жасалма түрдө жогорулатып жиберген жана салык милдеттенмелерин кыскартуу максатында 10 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын опузалап алгандыгы аныкталган.

Кылмыш ишинин алкагында К.С.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Иллюстрациялык сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты