Мамлекеттик оорукана жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салуу сунушталууда

  • 1 неделя мурун

Бүгүн, 7-октябрда, Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Айсулуу Мамашова мындай деп билдирди:

-Мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилерин жеке клиникаларда бир убакта жумушка орноштурууга тыюу салууну киргизүү сунушталууда. Медициналык мекемелердин жетекчилери жеке клиникаларда иштөөгө алаксыбай, өз милдеттерине жана өз мекемесин натыйжалуу башкарууга арнашы керек,- деди баяндамачы.

Талкуу маалында депутат Айбек Маткеримов мыйзам долбоорун колдоп, ага медициналык мекемелердин жетекчилерин гана эмес, бөлүм башчыларын да кошууну сунуштады. Ал эми комитет төрайымы Винера Раимбачаева айрым медициналык кызматкерлер бейтаптарды жеке клиникаларга жөнөтүп, мамлекеттик ооруканаларда операцияны көпкө күтүүгө туура келерин, ал эми жеке клиникаларда ыкчам кызмат көрсөтүлөрүн айтып, ушундай жол менен өздөрүнө кардарларды тартышарын белгилеп, бул практиканы жоюу керектигин кошумчалады.

Эл өкүлү Эльдар Абакиров оорукана жетекчилеринин айлык акысын жогорулатуу керектигин айтып, ошону менен бирге алардын иштөө мөөнөтүн 10 жылдан 5 жылга чейин кыскартууну сунуштады.

Мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты