Мамлекеттик кызматкерлердин жумасына эки жолу коомдук унаада жүрүшүн президенттик администрация колдоого алды   

  • 4 недели мурун

Министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлеринин Бишкекте шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспортто жүрүшү боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын сунушун президенттик администрациясы колдоого алды.

Бишкек шаардык мэриясы билдиргендей, бул демилге 2024-жылдын май айынан бери иштеп келе жатат жана шаардагы транспорттук кырдаалды жакшыртуу, мониторинг жана талдоо жүргүзүү зарылчылыгынан улам ишке киргизилген.

“Бул иш-чаралардын кабыл алынышы коомдук кызыкчылыктарды коргоого, кызматкерлердин арасында тартипти камсыздоого багытталган, ошондой эле коомдук транспортту колдонууда жөнөкөй жарандар туш болгон көйгөйлөрдү чечүүгө  жардам берет» деп билдирди Бишкек мэриясы.


Маалыматта белгилендей, ушундай эле демилгени  орус депутаттары мыйзам чыгаруу деңгээлинде пландап жатышат, тиешелүү мыйзам долбоорун Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Плякин кароого киргизди. Мыйзам долбоорунда аткаминерлерди жана депутаттарды жума сайын эки күн жумушка коомдук транспорт менен келүүнү  милдеттендирүү сунушталууда.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты