Мамлекеттик Думага миграция маселесин жөнгө сала турган беш мыйзам долбоору киргизилди

  • 4 дня мурун

Мамлекеттик Думага миграция маселесин жөнгө сала турган беш мыйзам долбоору киргизилди. Бул тууралуу РБК маалымдады.  

Ал документтерде булар белгиленет:

-Эгер мигрант Орусияда мыйзамсыз жүрүп,   кылмыш жасаган болсо, бул жагдайды андан дагы оорлоштурат:

-Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу өзгөчө оор кылмыш деп жарыялоо керектиги;  

-Документ жасалмалоого жана чет элдиктерди жасалма каттоо үчүн жоопкерчиликти күчөтүү чараларын киргизүү;  

-Мигранттарга мыйзамсыз кызмат көрсөтүү сунушун берген сайттарды сотсуз жаап салууну уюштуруу;  

-Мигранттардан экзамен алуу боюнча көмөкчү уюмдарга тыюу салуу;

Мыйзам долборлорун Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин жарыя кылды.

Буга чейин Мамлекеттик Дума мыйзамсыз миграция уюштургандардын мүлкүн конфискациялоо мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган, ошондой эле никеси боюнча Орусияда  жашоого уруксат алуу эрежелерин катаалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырган.   

“Крокус Сити Холл” концерттик залында 145 адамдын өмүрүн алган теракттан кийин Орусияда мигранттарга карата ксенофобиялык маанай күчөдү. Өлкөнүн ар кайсы аймактарында укук коргоо органдары чет элдик жумушчулардын жашаган жана иштеген жерлерине рейд жүргүзө башташты.

2024-жылдын башынан бери Орусиянын Ички иштер министрлиги 65 миңден ашык чет элдикти өлкөдөн чыгарып, 120 миң адамды өлкөгө киргизген эмес. Орусияга мигранттардын агымы акыркы 10 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге төмөндөдү. Экономисттердин айтымында, бул өлкөдөгү кадрдык кризисти курчутат.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты