Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн чет элдик кармалды

  • 2 месяца мурун

Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча 1993-жылдын 3-майында туулган Азербайжан жараны Б.М.Г. кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматы боюнча,  ал андан ары  Өзбекстанга барууга аракет кылгандыгы аныкталды. Айрым маалыматтарга караганда, Б.М.Г. Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын уюшкан кылмыштуу топторунун  ишмердүүлүгүнө тиешеси бар.

“Кармоо учурунда Б.М.Г. менен бирге анын ишенимдүү адамы 1980-жылдын 10-июнунда туулган  КР жараны, уйгур улутундагы Чүй облусунун жашоочусу,  буга чейин бир нече жолу соттолгон М.З.Тда кармалды. Ал Б.М.Г.га КРнын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө көмөк көрсөтүп, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурган” деп айтылат маалыматта.

Иликтөө иштери жүрүп жатканы белгиленди.

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн чет элдик кармалды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты