Мамлекеттик чек арадагы аткезчилик аныкталды
- 12 месяцев мурун
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан (УКМК) 16-ноябрда Лейлек районунун Арка айылындагы кампада 870 миң сомдон ашык суммадагы кондитердик азыктар түрүндөгү контрабандалык жүктү, чет элдик номурлуу “Хундай Портер” автоунаага жүктөп жаткан 1992-жылы туулган М.Т.Р. кармалган.
21-ноябрда Лейлек районунун Арка айылындагы Касымбеков көчөсүндөгү тургундун үйүнөн чет элдик мамлекеттик номурлуу “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаасы 1 миллион сомдон ашык эл керектөөчү товарлар түрүндөгү аткезчилик жүк менен кармалды.
УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Муну бөлүшүү