Мамлекет жетекчилер Геннадий Базаровду эскеришти

  • 1 год мурун

Мамлекет жетекчилер Геннадий Базаровду эскеришти. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады. 6-февралда  узакка созулган оорудан улам кыргыз киносунун патриархы — режиссер-коюуучу, сценарист, прозаик, сүрөтчү Геннадий Базаров 81 жаш курагында  дүйнөдөн өттү.

«Геннадий Базаров биринчилерден болуп кыргыз автордук киносун тартып баштаган. 1980-жылдардын ортосунан тартып  «Биринчи», «Өспүрүмдөр үчүн башпаанек», “Кутум”, «Аномалия”, “Карагыз”, “Метаморфоза”, “Исход”, “Жаннат”, “Нонсенс”, “Ноктюрн”, «Туздуу талаа»  сыяктуу көркөм фильмдерди жараткан. 1990-жылдары режиссёр кыска метраждуу — «Периштенин күнү», «Антракт», «Түндө» аттуу тасмаларды тарткан. Ал көрүүчүлөр арасында «Айтматов», «Искусство жөнүндө сөз» даректүү тасмалары менен кеңири белгилүү болгон. Геннадий Базаровдун Улуттук телерадиоберүү корпорациясында тартылып, көрсөтүлгөн «Альтернатива» автордук теледолбоору элдин арзуусуна татыган. Бул автордук көрсөтүүсү көркөмдүгү,  социалдык баалуулугу тереңдиги менен телеискусствонун классикалык үлгүсү болуп калды. Кыргызстандын ондогон чыгаан инсандары анын каармандары болушкан.

Геннадий Базаров ошондой эле  таланттуу прозаик,  көркөм сөз чебери катары «Инсандын дүйнөсүн ачуу», «Ноктюрн», «Хава Нагила», «Өзөк маани», «Конуш», «Гримаса», «Тыныгуу» повесттеринин автору болгон.

Геннадий Базаров 1966-жылдан 1995-жылдарга чейин «Кыргызфильм» киностудиясында режиссер-коюучу, ал эми 1988-жылдан өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын  “Кыргызтелефильм” студиясында режиссер-коюучу, алып баруучу, директор болуп үзүрлүү иштеп келди.

Геннадий Базаров – бир катар эл аралык жана республикалык кинофестивалдардын лауреаты болгон, анын көптөгөн тасмалары УТРКнын «Алтын фондуна» кирген. Көп жылдык үзүрлүү жана жаратман эмгеги үчүн бир нече жолу мамлекеттик жогорку сыйлыктар жана наамдар менен сыйланган.

1974-жылы “Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмери”, 1976-жылы “Ардак белгиси” ордени, 1985-жылы СССРдин кинематографиясынын отличниги, 1991-жылы “Кыргыз Республикасынын эл артисти” жогорку ардактуу наамын алган.  1997-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Алтын калем” сыйлыгы, 1998-жылы жана 2006-жылы Чынгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгы  менен сыйланган. 2003-жылы III даражадагы жана 2022-жылы II даражадагы «Манас» ордени — мамлекеттик жогорку сыйлыкка татыктуу болгон. 2003-жылы Эл аралык кинофестивалда Гран-при жана «Карагыз» тасмасы үчүн «Мосфильм» концернинин байгесин алган. 2006-жылы «Жылдын адамы» наамы менен байгеге жана статуэткага ээ болгон. 2009-жылы “Адамзаттын руханий казынасына кошкон татыктуу салымы үчүн” Мустафа Ататүрк Эл аралык Алтын медалы менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын кинематографиясынын, маданий жана коомдук турмушунун өнүгүшүнө зор салым кошкон Геннадий Базаров өлкөнүн тарыхында түбөлүккө мыкты инсандардын катарында кала берет.

Геннадий Базаровдун жаркын элеси — анын интеллектуалдуулугу, адамдык асыл сапаттары, мекенчилдиги элибиздин эсинде түбөлүккө сакталат. 

Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», — деп жазылат эскерүүдө.

Садыр Жапаров, Нурланбек Шакиев, Акылбек Жапаров,  Замирбек Базарбеков, Сүйүнбек Касмамбетов, Эдил Байсалов,  Алтынбек Максутов,  Кайрат Иманалиев, Чыңгыз Эсенгул уулу,  Садык Шер-Нияз.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты