Мамдума чет элдиктерге убактылуу жашоого уруксат берүү эрежесин катаалдатууну көздөөдө

  • 1 неделя мурун

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин орусиялык жарандар менен никеге турган чет элдиктердин жашоого уруксат алуу эрежелерин катаалдаштыруу боюнча түзөтүүнү депутаттардын кароосуна киргизди.

РБК белгилегендей, Володин биринчи окууда кабыл алынган мыйзам долбооруна түзөтүү киргизди.

Документтин түп нускасында чет элдиктер орусиялыктарга турмушка чыккандан эки жылдан кийин жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте убактылуу жашоого уруксат алууга укуктуу болчу. Мамлекеттик Думанын спикери бул мөөнөттү үч жылга чейин көбөйтүүнү сунуштоодо. Анын пикиринде, натыйжада чет элдиктер жасалма нике аркылуу Орусияда туруктуу жашоону мыйзамдаштырууга болгон кызыгуусун жоготот.

“Крокус Сити Холл” концерттик залында 145 адамдын өмүрүн алган теракттан кийин Орусияда мигранттарга карата ксенофобиялык маанай күчөдү. Өлкөнүн ар кайсы аймактарында укук коргоо органдары чет элдик жумушчулардын жашаган жана иштеген жерлерине рейд жүргүзө башташты.

2024-жылдын башынан бери Орусиянын Ички иштер министрлиги 65 миңден ашык чет элдикти өлкөдөн чыгарып, 120 миң адамды өлкөгө киргизген эмес. Орусияга мигранттардын агымы акыркы 10 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге төмөндөдү. Экономисттердин айтымында, бул өлкөдөгү кадрдык кризисти курчутат.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты