MadeInKG: 1000 жумуш орунун камсыз кылган завод ачылды

Кыргызстанда 22 жылдан бери иштеп келген “Бай Элим” агрохолдингинин «Бай Органик» деп аталган жаңы заводу ачылды. Жаңы ишкана тамак-аш азыктарын кайра иштетүү жана өндүрүү менен алектенет. Чүй облусунун Москва районундагы бул заводдун ачылыш аземине президент Садыр Жапаров дагы катышты. 

MadeInKG: 1000 жумуш орунун камсыз кылган завод ачылды

Маалыматка караганда, бул долбоордун наркы 410 млн сомду түздү. Эл аралык стандарттарга ылайык курулган көп функционалдуу консерва заводунун кубаттуулугу күнүнө 500-700 тонна айыл чарба өнүмүн кайра иштетүүгө ылайыкталган.

Завод жылы бою иштейт

“Бай Элим” агрохолдингинин директору Рысгүл Акимжанова ачылып жаткан завод жарандарды туруктуу жумуш орду менен камсыз кыларын жана жылдын төрт мезгилинде иштей турганын билдирди.

“Жаңы ишкана аймакта 70-200 адамды туруктуу жумуш орундары менен камсыз кылат. Ал эми сезон маалында 800-1500 адамга чейин камсыз кылары күтүлүүдө. 
Заводдун негизги багыты «Бай Органик» фирмалык дүкөндөрүнүн текчелерине, бүткүл өлкө боюнча базарларга жана соода түйүндөрүнө келип түшө турган, экологиялык жактан таза мөмө-жемиштерден жасалган продукциялар болот”, — дейт ишкер.

Ишкана суткасына 500 тоннага чейин помидорду, күн сайын 200 тоннага чейин өрүк, алма, алмурут, сабиз жана кабакты кошо алганда ар кандай мөмө-жемиштерди иштете алат.

“Ошондой эле, башка заводдордон айырмабыз, биздин завод жылдын төрт мезгилинде тең иштей берет”, — деди Рысгүл Акимжанова.
MadeInKG: 1000 жумуш орунун камсыз кылган завод ачылды

Заводдун ачылышына президент Садыр Жапаров да катышты. Ал өз сөзүндө Кыргызстан агрардык өлкө экенин жана айыл чарба негизги тармактардын бири экенин белгиледи: 

“Бул тармак мамлекетибиздин азык-түлүк коопсуздугун камсыздап, жумуш орундарын түзүп, экспорттун өнүгүшүн шарттайт. Бүгүн биз ушул багытта жүргүзүп жаткан мамлекеттик саясатыбыздын бир мисалы катары,“Бай Органик” айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү компаниясынын заводунун ачылышында турабыз”.

Садыр Жапаров “Бай Элим” агрохолдингинин директору Рысгүл Акимжанованын өндүрүшкө жана соодага жаңы прогрессивдүү инновацияларды киргизүү менен, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн кыйла көбөйтүүгө кошкон салымын белгилей кетти.

“Алдын ала эсептөөлөр боюнча 2024-жылдын январь,август айларында айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалар тарабынан 45.5 миллиард сом көлөмүндө тамак-аш азыктары өндүрүлүп,өсүш 120%ды түздү. Бүгүнкү күндө республика аймагында тамак-аш азыктарын өндүрүү багытында 411 ири жана орто ишканалар иш алып барышууда, анын ичинде кайра иштетүүчү завод ачып жаткан “Бай Элим” компаниясы да бар. Жашылча- жемиш консерваларын экспорттоочу бул ишкана,ички рынокто да ,анын чегинен тышкары да кардарлардын ишенимине ээ болуп болуп келе жатканы бизди кубандырат. Директор Рысгүл Акимжанова айымдын жетекчилигинин астында “Бай Элим” компаниясы өндүрүшкө жана соодага жаңы прогрессивдүү иновацияларды киргизүү менен, айыл чарба продукциясынын кайра иштетүүнүн көлөмүн кыйла көбөйтүүгө салым кошту. Буга бүгүнкү айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү заводдун ачылышы айкын мисал. Мамлекет ишкерлерге ар дайым ачыкпыз, ар тараптан колдоого даярбыз деп биз дайыма айтып келебиз. Биз аталган компаниянын кайра иштетүү өнөр жайын өркүндөтүү боюнча көп функционалдуу консерва заводун куруу демилгесин кубаттап, заводдун курулушуна жер маселелерин чечип бердик. Бул долбоордун наркы 410 миллион сомду түздү, анын 220 миллион сомуна заманбап өндүрүш жабдуулары сатылып алынса, 160 миллион сомуна өндүрүш жана кампа жайлары курулду. Ал эми 30 миллион сом айыл чарба техникасы жана тамчылатып сугаруу жабдууларына багытталган”, — деди Садыр Жапаров.

Продукциянын 70%ы чет өлкөгө экспорттолот  

MadeInKG: 1000 жумуш орунун камсыз кылган завод ачылды

Завод ички жана сырткы рынокту экологиялык жактан таза продукция менен камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

«Бай Элим» холдингинин продукциясынын 70 пайызга жакыны чет өлкөлөрдө сатылат, 2020-жылдан 2023-жылга чейин экспорттун көлөмү 63,7 миллион сомду түзгөн. 

«Биздин компаниянын миссиясы — сапаттуу продукция өндүрүү. Өндүрүштүн эң жогорку деңгээлин камсыз кылуу үчүн биз эң алдыңкы жабдууларды жана акыркы технологияларды колдонобуз. Бардык этаптарда сапаттын катуу стандарттары сакталат жана чийки зат менен таңгактоо ишенимдүү өнөктөштөрдөн гана жүргүзүлөт. Мындай ыкма биздин продукция кардарлардын күтүүлөрүнө жооп берээрине кепилдик берет жана дайыма жогорку стандарттарды карманат», — деп белгиледи Рысгүл Акимжанова.
MadeInKG: 1000 жумуш орунун камсыз кылган завод ачылды

“Бай Элим” холдингинин маркетинг боюнча директору Эркин Мамбетов компания чыгарган томат пастасы  “Сапат” медалдарын утуп алгандыгын  жана азыркы учурда Алматыга экспорттоого даярданып жатканын белгиледи. 

“Биздин томат пастага жасалма консерванттарды колдонбогондуктан жана баары табигый болгондуктан Москвадагы жана Казакстандагы көргөзмөдө бир нече жолу биринчи орунду ээлегенбиз жана ошондой эле азыркы учурда Алматыга экспорттоого даярданып жатабыз”, — деди Мамбетов. 
MadeInKG: 1000 жумуш орунун камсыз кылган завод ачылды

“Бай Органик” компаниясынын технологу Абакова Динара ар бир партия тыкыр көзөмөлдөн өтөрүн белгиледи:

“Завод чыгарган өндүрүштөрдүн ар бир партиясын үч көрсөткүч (органолептика, кислоттуулук жана кургак заттарга) менен текшергенден соң гана сатууга чыгарабыз”.

Холдингдин жетекчилиги миңге чейин фермерди тарта турган масштабдуу өнөктөштүк программасын ишке киргизүүнү пландап жатат. Анын алкагында айыл чарба продукциясын өстүрүүнүн заманбап технологияларына, үрөндөрдүн жана көчөттөрдүн жогорку сортторун жайылтууга, фермерлерди экологиялык таза жер семирткичтер жана зыянкечтерге каршы күрөшүү каражаттары менен камсыздоого окутуу башталууда. Фермерлер ошондой эле агрономдордун жана башка адистердин консультациялык колдоосуна ишене алышат. 

«Бай Элим Компани» компаниясы 2002-жылы соода-өндүрүш катары негизделип, 22 жылдын ичинде Кыргызстандагы ири ишканалардын бирине айланды. Бүгүнкү күндө «Бай Органик» агрохолдинги рафинад-кантты, уксус кислотасын, жашылча-жемиш консерваларын, томат пастасын, соустарды жана кыямдарды өндүрүүдө алдыңкы позицияда турат.

Холдинг азык-түлүктү импорттоого, экспорттоого, кайра иштетүүгө, өндүрүүгө, логистикага жана бөлүштүрүүгө активдүү катышат. «Бай Элим» Кыргызстандагы жашылча-жемиш консерваларын экспорттоочу ири компаниялардын бири. 

Автор: Бектур Оргубаев. PR

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты