Маданият министрлиги Next TV телеканалын текшере баштады

  • 3 дня мурун

Кечээ, 2024-жылдын 11-ноябрында, маданият министрлиги Адылбек уулу Санжардын арызы боюнча, берүүлөрдүн жазуусун алып, Next TV телеканалын текшере баштады.

Бул тууралуу Равшан Жээнбеков Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.  

Арызда Next TV телеканалы “Настоящее Время”, “Азаттык Медиа”, ошондой эле “TMedia” жана “PolitKlinika” сыяктуу ЖМКлардын телепрограммаларын көрсөтөөрү жана анын пикиринде, «Next» телеканалы жана «Арча Медиа» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуп атканы айтылат.

“Next” телеканалы бир нече жылдан бери жогоруда аталган медиалар менен расмий келишимдердин негизинде иштеп, бул жылдар бою мыйзамга ылайык текшерилип келген.

Равшан Жээнбеков “Маданият министрлигинин аракетин көптөн бери кадыр-баркы бар көз карандысыз маалымат каражатына жана оппозициялык саясатчы катары өзүнө уюштурулган кысым катары баалайм” деп билдирди.

Next TV телеканалынын ээси — оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков.

2022-жылы NEXT телеканалынын директору Таалай Дүйшембиев кармалган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети NEXT телеканалына «улуттар аралык кастыкты козутту» деген негизде кылмыш иши козголгонун билдирген. Таалай Дүйшембиевге үч жыл пробациялык жаза мөөнөтү берилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты