Лола Асаналиева: Кыргызстандан 20 миңдеген үмүтсүз оорулуулардын 15%ы гана морфинге жете алат

Кыргызстанда рактан жыл сайын 3,5 миң адам каза табат. Алардын 80% күчтүү ооруксуздандыруучу дары каражаттарына муктаж. Өлкөдө шишик оорулары менен ооруган бейтаптарды ооруксуздандыруучу дары каражжаттарына жетүүнү камсыз кылуу маселесин улантуу курч бойдон турат.
«Оору – паллиативдик жардам алган бейтаптарды башынан өткөргөн эң оор жана жайылтылган симптомдордун бири, жылына 20000 үмүтсүз оорулуулардын ичинен 15% гана бейтап морфинге жете алат. Калгандары катуу оорудан, кыйналуудан каза болушат. Жеткиликсиз көйгөйлөрдүн эң башкы себептеринин бири калктын аз маалымдуулугу болуп саналат» деп белгилейт медицина илимдеринин доктору, «Ачык медициналык коомдоштук» коомдук бирикмесинин башчысы Лола Асаналиева,

Эксперттик баалоо Кыргызстандагы ооруксуздандыруучу баңгизат дары каражаттарын колдонуунун көлөмү Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун сунуштамаларына ылайык, эсептелген көлөмдөн 30 эсе төмөн. Катуу оорулуу үчүн 18 кг морфин керектөөдө, 2021-жылы болгону 500 граммга чейин гана пайдаланылган, бул бейтаптардын катуу ооруну башынан өткөргөндүгү жана базалык медициналык керектөөлөрдүн жоктугу жөнүндө күбөлөндүрөт. Опиоиддик анальгетиктерге жетүү 4-стадиядагы шишик оорулары менен ооруган бейтаптар үчүн гана бар. Рактын кыйла эрте стадиясында жана бардык башка ооруларда баңги зат каражаттары менен ооруксуздандыруу КРда жеткиликсиз.

Өлкөдө мамлекеттик дарыкана тармагы жок жана Кыргызстанда катталган 869 дарыкананын ичинен 37 жеке дарыкана уюмдарында гана калкка баңги зат жана психотроптук дары каражаттарын берүү жүзөгө ашырылат, анын ичинде 26 дарыкана – жеңилдик берүүчү рецепт боюнча. Бул алыскы калктуу пункттарда жашаган бейтаптардын олуттуу бөлүгү үчүн жеткиликсиздикке алып келет. Баңги зат жана психотроптук дарыларды рецепт менен берген дарыканалардын максималдуу алыстыгы айыл жериндеги бейтаптын жашаган жерине жараша  Ысык-Көл областында 60 км тартып Жалал-Абад областында 220 км чейин өзгөрүлөт. Бишкекте жумушчу күндөрү гана морфинге жеңилдик рецеби боюнча алууга мүмкүн болгон бир гана дарыкана иштейт.

Ошондой эле морфинди сатып алууну, сактоону, берүүнү жөнгө салуу учурларынан тартып дарыгерлердин олуттуу бөлүгүнүн опиоиддик анальгетиктер менен иштөө практикасынын жоктугу, калктын аз маалымдуулугу жана медициналык максаттарда баңги зат жана психотроптук каражаттарды колдонууга каршы түзүлгөн ишенимдерине чейин бир катар чечилбеген башкаруу маселелери бар. Мамлекеттик деңгээлде медициналык уюмдардын баңги зат жана психотроптук каражаттарга муктаждыктарынын түзүлүшүнө контроль системасы уюштурулган эмес жана бейтаптарды ооруксуздандырууга укуктарды камсыз кылуу үчүн мамлекеттик контроль системасы жок (мисалы, күнү-түнү тынымсыз байланыш, ооруксуздандырбоого даттануулардын саны боюнча башкы дарыгер үчүн KPI).

Катуу ооруганда – морфинге, өтө маанилүү дарыга жетүүнү жакшыртуу үчүн КР паллиативдик жардам ассоциациясынын жана Бюджеттик адвокациясынын мүчөлөрү Финансы министрлигине кайрылышкан, 2022-жылга морфинди борборлоштурулган сатып алууга зарыл акчанын суммасын караган. Бул оорулуулардын азап чегүүдөн арылтууга мүмкүн болгон позитивдүү жаңылык. Эми саламаттык сактоо министрлигинен тез арада борборлоштурулган сатып алуулардын тартибин, баарынан мурда морфинди берүүчү дарыкана жок региондогу саламаттык сактоо уюмдарына жеткирүү логистикасын, берүүнү жөндөө, туура сактоо жана дары каражаттарын контролдоочу башка бардык талаптарды баяндап жазуу талап кылынат

Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосунда паллиативдик жана хоспистик жардам ассоциациясы шишик оорулары менен ооруган бейтаптар туш болгон кыйынчылыктар, ошондой эле паллиативдик жардамдын алкагындагы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө коомчулуктун көңүлүн бура турган видеролик чыгарды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты