Өлкөнүн түштүгүндө үшүк жүрүшү ыктымал  

  • 4 дня мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) караштуу кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 13-14-ноябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

13-ноябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде;

14-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

15-16-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -1…-3° ка жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт.

Республиканын айрым жерлеринде туман түшүшү ыктымал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты