Өлкөнүн бир нече аймактарында фермерлерди тейлөө борборлору ачылды

  • 2 недели мурун

Кыргызстандын түндүк жана түштүк аймактарында дыйкан-фермерлерди тейлөө борборлору ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган борборлор Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Сузак жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрацияларында ачылды.

Бул борборлордо дыйкан-фермерлер министрликтин тажрыйбалуу адистеринен, “Айыл банк”, “Элдик банк” өкүлдөрүнөн толук кандуу кеп-кеңеш алып, чечилбей жаткан маселелерине тиешелүү жооп ала алышат. Ал жерде айыл чарбасындагы тажрыйбалуу адистер жарандарды жекеме жеке кабыл алып, кеңеш берет.

«Долбоордун негизги максаты – дыйкан-фермерлерге кандай урук-көчөттөргө маани берүү зарылдыгын, эмнени өндүрүү керектигин, даяр продукцияны кайда сатууга болоорун, аларга мамлекет тарабынан кандай колдоолор каралгандыгы, жана башка көптөгөн суроолорго жеткиликтүү маалымат, кеңеш алуучу аянтчаны түзүү болуп саналат»,- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, мындан бир нече күн мурун дыйкан-фермерлерди тейлөө борбору Бишкек шаарындагы Айыл чарба министрлигинин борбордук аппаратынын башкы имаратында да ачылган.

Сүрөт: agro.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты