Өлкөдө кызамыктын катталуу учурлары азаюуда

  • 2 недели мурун

Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө кызамык илдетинин катталуу учурлары азайып баратканын билдирди. Азыркы учурда кызамык вирусу көбүнчө Бишкек шаары менен Чүй облусунун эки районунда катталып жатканы айтылды.

Министрлик берген маалыматка ылайык, 1-сентябрдан 17-сентябрга чейин республика боюнча кызамык оорусуна чалдыккан 49 учур катталган. Июль айында 828 учур, август айында 260 учур катталган. Ал эми жыл башынан бери Кыргызстанда кызамык оорусунун жалпы 13 320 учуру катталган.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты