Өлкө боюнча билим берүү мекемелерине 1335 мугалим жетишпейт

  • 3 недели мурун

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө аймактарындагы мектептерге 1335 мугалим керек болууда. Алардын ичинен аймактар боюнча:

Бишкек шаарына — 493,

Чүй облусуна — 292,

Баткен облусуна — 137,

Жалал-Абад облусуна — 110,

Ысык-Көл облусуна — 115,

Ош облусуна — 58,

Талас облусуна — 71,

Нарын облусуна — 17,

ал эми Ош шаарына — 42 мугалим керек болууда.

Эң көп суроо-талап математика, информатика, физика орус жана англис тилдери предметтери боюнча мугалимдерге, ошондой эле окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде байкалып жаткандыгы айтылды.

«Педагогикалык кадрлар менен камсыз кылуу үчүн жыл сайын педагогикалык ЖОЖдордун жана колледждердин бюджеттик бөлүмдөрүнүн бүтүрүүчүлөрү аймактарга бөлүштүрүлөт. Ошентип, бөлүштүрүүгө ылайык 15-августтан тарта жаш мугалимдер мектептерге кабыл алынат»,-деп билдирди министрлик.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты