Өлкө башчы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө кайрылуу жасады

  • 1 час мурун

Бүгүн, 7-ноябрда президент Садыр Жапаров Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Анын кайрылуусын президенттин басма сөз кызматы жарыялады.

Өлкө башчы өз кайрылуусунда, бул күн — биздин кандай эл болгонубузду, ата-бабаларыбыз ондогон кылымдар бою кандай жолдорду басып өткөнүн эске салган улуу күн экендигин белгилеген.

«Ата-бабалар көп кылымдык тарыхый сыноолорду башынан өткөрүү менен курган мамлекеттик түзүлүш бирде жанып, бирде өчүп, бирде учу-кыйырсыз чектерге чейин жетип олтуруп, тарыхта татыктуу ордун жоготпой келди. Бүгүнкү эгемен мамлекетибиз – байыркы мезгилден бери кыргыз жерин көздүн карегиндей сактап, коргоп келген ата-бабалардын даанышмандыгынын, көсөмдүгүнүн жана баатырдыгынын натыйжасы», -деген өлкө башчы.

Ошондой эле Садыр Жапаров “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар: Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев жөнүндө” Жарлыкка кол койгонун айтып: «Ата-бабаларын тааныган сайын азыркы жаштарыбыз өздөрүнө болгон ишеними артып, келечекке карай бекем кадамдарды таштап, Кыргызстандын түбөлүк эркин, көз карандысыз жана бардык жактан өнүккөн өлкө болушуна билимин да, тажрыйбасын да, өмүрүн да арнашат»,- деген.

Белгилей кетсек, 7-8-ноябрда өлкөдө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет. Майрам 2017-жылы негизделген.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты