Өлкө башчы кыргыз милициясынын 100 жылдыгы менен куттуктады

  • 6 дней мурун

Бүгүн, 1-ноябрда Бишкекте Кыргыз милициясынын 100 жылдыгы белгиленип жатат. «Ала-Тоо» аянтында өткөн иш-чарада өлкө башчы Садыр Жапаров Ички иштер министрлигинин (ИИМ) өздүк курамын куттуктап, сөз сүйлөдү.

Садыр Жапаров: «1924-жылы Кара-Кыргыз автономдуу облусу түзүлгөндөн кийин ушул эле жылдын 1-ноябрында Ревкомдун тутумуна облустук милиция башкармалыгы кирген административдик бөлүм түзүлгөн экен. Мына ушул күн Кыргыз милициясы түзүлгөн күн катары тарыхыбызда калды»,- деп кыргыз милициясынын баскан жолун айтып өткөн.

Ал ИИМдин кызматкерлерин жана ардагерлерин 100 жылдык маараке менен куттуктап: «Милиционерлер коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ар күнү өмүрүн тобокелге салып келишет. Өлкөбүздү ар түрдүү коркунучтардан жалтанбай коргоп, кыйынчылыктардын курчоосунда калса да, берген антты абийирдүүлүк менен аткарып, чыныгы эрдиктин үлгүсүн көрсөтүшүүдө. Мына ошондуктан, элибиздин бейпил турмушун камсыздоо үчүн жүктөлгөн милдеттерди күнү-түнү тыным албай иштеп келаткан ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамына жана алардын башында турган жетекчилерге – азыркы ардагер милиционерлерге терең ыраазычылыгымды билдирем»,- деген.

Президент акыркы төрт жыл ичинде өздүк курамдын төрт мезгилге төп келген сырткы кийиминен баштап, бардык материалдык-техникалык базасы чыңдап беришкенин, жалпы республика боюнча милиция кызматындагылардын маянасы эки эсе жогоруласа, Баткен жергесинде кызмат өтөгөн милиционерлердин айлыгы төрт эсеге жогорулаганын билдирген.

Ошондой эле олуттуу иш-аракеттердин натыйжасында акыркы төрт жылда кылмыштын катталуусу дээрлик 50 пайызга төмөндөгөнүн кошумчалаган.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты