Өлкө башчы Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбековду куттуктады

  • 1 месяц мурун

Садыр Жапаров Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында коло медалга ээ болушкан грек-римчилер Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбековду куттуктады. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров спортчулар менен бүгүн, 8-августта телефон аркылуу сүйлөшкөн.

«Коло медаль алсаңар да элиңер, Кыргызстаныңар силерди алтын уткандай жакшы көрөт. Андыктан, көңүлүңөрдү чөгөрүп башыңарды ийбегиле! Эң негизгиси эли-журтуңардын сыйынан, сынынан кетпесеңер болду. Алтын медалдан артык алтын башыңар аман болсун!», — деп айткан мамлекет башчы.

«Президент спортту жакшы билген адам катары ар дайым эле жеңиш боло бербестигин түшүнөрүн жана татыктуу жеңилгенди да билиш керек экендигин баса белгиледи»,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, ал спортчуларга алдыда дагы далай кыл чайнашкан беттештер турарын, мына ошолорго даярданып, мыктылыкты далилдеп, алтын медалдарды багындырышы керек экендигин айткан.

Эске сала кетсек, учурда Франциянын борбору Парижде XXXIII жайкы Олимпиада оюндары өтүүдө. Олимпиадага Кыргызстандан жалпы 16 спортчу катышууда. Азыр Кыргызстандын куржунунда 1 күмүш, 3 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова алып келди. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашышкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков жеңип алышты. Олимп оюндары 11-августта жыйынтыкталат.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты