Өлкө алты айда кырсыктардан 1 миллиард 900 миллион сом зыян тартты

  • 1 месяц мурун

2024-жылдын алты айында табигый жана техногендик кырсыктардан Кыргызстан  1 миллиард 900 миллион сом зыян тартты.

Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда, Бишкектеги маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов билдирди.

Ош, Жалал-Абад облустарындагы зыяндын көлөмү дагы такталууда.

Быйылкы жылы селден жана башка кырсыктардан 25 адамдын өмүрү кыйылганы айтылды. Өкмөт алардын жакындарына 1 миллион сомдон жардам берет. Ошондой эле үйү капиталдык ремонтко муктаждарга 500 миң сомдон берүү каралган.

14-июлда катуу жаандан кийин Ак-Буура дарыясы кирген. Кыян жүрүп, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды сел каптаган.

Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрөлөр, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. Ошто жана Кара-Суу районунда жүздөгөн турак жайлар зыян тартты. 23-июлда Базар-Коргон районунун Арстанбап кыштагында сел жүрүп, бир канча үйдүн короосун каптап, автоунааларды агызып, жолду бузду.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты