Ливанда жарылган пейжерлерди Gold Apollo чыгарбаганын билдирди

  • 3 недели мурун

Тайвандык Gold Apollo компаниясы «Хезболла» тобунун мүчөлөрүнүн колунда жарылган пейжерлерди чыгарбаганын билдирди.

Компаниянын негиздөөчүсү Су Цинкуан пейжерлерди Будапешттеги Gold Apollo брендин колдонууга укугу бар башка компания чыгарганын айтты. Бул тууралуу Associated Press билдирди.

«Продукция биздики эмес, анда биздин бренд гана бар» деди ал.

Буга чейин пейжерлерде Gold Apollo менен байланышын көрсөткөн стикерлер бар экени айтылган. Reuters агенттиги өз булактарына таянуу менен Израилдин “Моссад” чалгын кызматы «Хезболла» сатып алган 5000 пейжерге жардыргыч заттарды орноткон болушу мүмкүн экенин билдирди. Булактардын айтымында, операция бир нече айга даярдалган жана үч миң пейжерге код жөнөтүп жатканда алар жарылып кеткен.

17-сентябрда Ливанда бир учурда пейжерлердин жарылуусунан кеминде сегиз киши каза болуп, 2750 киши жараат алган.

Андан бир аз мурдараак Иран колдогон ливандык «Хезболла» жоочулар тобу эки мүчөсү жана бир кыз «табышмактуу» жарылуудан каза тапканын, мүчөлөрү колдонуп жүргөн бер нече пейжер бир учурда жарылганын билдирген.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты