Лейлектеги Сумбула айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси акча уурдоого шектелүүдө  

  • 2 месяца мурун

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Ф.К. акча каражатын өзүнө мыйзамсыз ыйгарып жүргөндүгү аныкталган.

Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган башкы эсепчи кызматкерлердин эмгек акысын эсептөөдө негизги ведомосттон сырткары кошумча ведомостторду даярдап, Раззаков шаарындагы РСК банкынын филиалына тапшырып, акча каражаттарын өзүнүн эсебине негизсиз котортуп алып жүргөн.

Бул үчүн ал айыл өкмөт башчысынын электрондук кол тамгасын жана айыл өкмөттүн мөөрүн колдонгон. Ал бул ишин 2021-жылдын март айынан тартып 2022-жылдын аягына чейин жасап жүргөндүгү белгилүү болгон.

“Натыйжада, мамлекетке жалпысынан 2 млн. 336 миң 049 сом өлчөмдөгү зыян келтирилген” деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Баткен облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты