Лебединовка айылындагы унаа жууган жайдан чыккан өрт өчүрүлдү  

  • 3 недели мурун

Бишкек шаарынын Свердлов районунун Лебединовка айылынын Токмок көчөсүндө жайгашкан унаа жуучу жайдан чыккан өрт саат 12:21де толук өчүрүлдү.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар (ӨКМ) министрлиги билдирди.  

Өрттү өчүрүүгө өрт өчүрүүчү эки машина тартылган.

Такталган маалымат боюнча жабыркагандар жок. Өрттүн себеби иликтенүүдө.  

Бүгүн, 28-августта, Бишкек шаарынын Свердлов районунун Лебединовка айылынын Токмок көчөсүндө жайгашкан унаа жууган жайдан өрт чыккандыгы тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) маалымат түшкөн.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты