Лаззат Нуркожоеванын мурдагы жигитинин камак мөөнөтү узартылды

  • 3 дня мурун

Президент Садыр Жапаровдун карындашы Лаззат Нуркожоеванын мурдагы жигити Афтандил Сабырбековдун камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.    

Афтандил Сабырбеков жана анын агасынын камактагы мөөнөтү 3-декабрга чейин узартылды.

Афтандил Сабырбековго кылмыш-жаза кодексинин баңзизат каражаттарын сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо беренеси боюнча айып коюлууда. Афтандил Сабырбековдун агасы Тариэл Сабырбеков да баңгизат боюнча кармалган.

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун карындашы Лаззат Нуркожоеванын жигити Афтандил Сабырбеков баңгизат даярдоого шектелип кармалганы тууралуу маалымат жарыяланды.

Президенттин маалымат кызматы Садыр Жапаровдун инисинин кызынын жигити укук коргоо органдары тарабынан кармалганын тастыктады.  

“Эске салсак, Лаззат Нуркожоеванын жигити тууралуу маалымат учак менен “кыздын колун суроо” иш- чарасынан кийин белгилүү болгон. Бул жигиттин башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табуу болгону ачыкталды деп божомолдоого толук негиз бар. Баса белгилей кетсем, президент Садыр Жапаров ким болбосун, мыйзамсыз иш-аракеттерди жаап-жашырып, калкалоого албайт. Эми мурдагы жигиттин жана анын шериктеринин мыйзамсыз иш аракеттеринин чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталат” деп жазды Аскат Алакөзов Фейсбук баракчасына.  

Лаззат Нургожоева президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты