Лазат Нуркожоеванын жигити кармалганын президенттин маалымат кызматы тастыктады

  • 2 месяца мурун

Президенттин маалымат кызматы Садыр Жапаровдун инисинин кызынын жигити укук коргоо органдары тарабынан кармалганын тастыктады.  

“Эске салсак, Лазат Нуркожоеванын жигити тууралуу маалымат учак менен “кыздын колун суроо” иш- чарасынан кийин белгилүү болгон. Бул жигиттин башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табуу болгону ачыкталды деп божомолдоого толук негиз бар. Баса белгилей кетсем, президент Садыр Жапаров ким болбосун, мыйзамсыз иш аракеттерди жаап-жашырып, калкалоого албайт. Эми мурдагы жигиттин жана анын шериктеринин мыйзамсыз иш аракеттеринин чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталат” деп жазды Аскат Алакөзов Фейсбук баракчасына.  

Президент Садыр Жапаровдун карындашы Лазат Нуркожоеванын жигити Афтандил Сабырбеков баңгизат даярдоого шектелип кармалганы тууралуу маалымат жарыяланды.

Kaktus Media өз булактарына таянып маалымдагандай, 5-июлда милиция кызматкерлери баңгизат даярдоого (болжол менен синтетикалык баңгизат) шектелип президент Садыр Жапаровдун карындашы Лазат Нуркожоеванын сүйлөшкөн жигити Афтандил Сабырбековду кармаганы тууралуу маалымат жарыяланды.

Шектүү Сабырбеков учурда Бишкек шаарынын убактылуу камак жайына камалганы айтылды. Тергөөнү Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгы жүргүзүп жатканы маалымдалды. Афтандил Сабырбеков убактылуу жайга камалган.

9-июль күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту шектүүнү камакка алганы айтылат. Бул иш боюнча бир нече киши кармалган.  

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун болочок күйөө баласы анын карындашы Лазат Нуркожоеванын колун сурап, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагын ижарага алган. ӨКМ ижара болочок күйөө бала бир саатка 157 миңден ашуун сом төлөгөнүн билдирген.

Бул окуядан кийин президент «акылы токтоло элек» карындашы үчүн элден кечирим сураган.

Сүрөт: Социалдык тармактан. Афандил Сабырбеков Лазат Нуркожоеванын колун суроо учурунан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты