Лазат Нургожоеванын жигитинин агасы да кармалды

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаровдун карындашы Лазат Нургожоеванын жигитин Афтандил Сабырбековдун агасы Тариэл Сабырбеков да баңгизат боюнча кармалды.

Бул тууралуу  Kaktus.media басылмасы күч органдарындагы жеке булактарынын айтуусу боюнча жарыя кылды. Тариэл Сабырбеков да 3-августка чейин тергөө абагына алынган.

Президент Садыр Жапаровдун карындашы Лаззат Нуркожоеванын жигити Афтандил Сабырбеков 3-августка чейин убактылуу абак жайына камалган.Афтандил Сабырбековго кылмыш-жаза кодексинин баңзизат каражаттарын сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо беренеси боюнча айып коюлууда.

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун карындашы Лазат Нуркожоеванын жигити Афтандил Сабырбеков баңгизат даярдоого шектелип кармалганы тууралуу маалымат жарыяланды.Президенттин маалымат кызматы Садыр Жапаровдун инисинин кызынын жигити укук коргоо органдары тарабынан кармалганын тастыктады.  

“Эске салсак, Лазат Нуркожоеванын жигити тууралуу маалымат учак менен “кыздын колун суроо” иш- чарасынан кийин белгилүү болгон. Бул жигиттин башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табуу болгону ачыкталды деп божомолдоого толук негиз бар. Баса белгилей кетсем, президент Садыр Жапаров ким болбосун, мыйзамсыз иш аракеттерди жаап-жашырып, калкалоого албайт. Эми мурдагы жигиттин жана анын шериктеринин мыйзамсыз иш аракеттеринин чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталат” деп жазды Аскат Алакөзов Фейсбук баракчасына.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты