«Лагуна Сити» эс алуу борбору мамлекеттин балансына кайтарылды

  • 3 дня мурун

Улуттук коопсуздук мамлекттик комитети (УКМК) тарабынан «Лагуна Сити» эс алуу борборунун мүлк комплексинин бир бөлүгү,  анын ичинде коттедждер, мончо жана сауна, кафелер жана ресторандар, административдик имараттар ж.б. мамлекеттин балансына өткөрүлдү.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган мүлктөрдүн алдын ала болжолдуу баасы 5 миллион АКШ долларын түзөт.

УКМК тарабынан кылмыштуу жол менен, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү тарабынан алынган мүлктөрдү аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты