Кыздар үчүн мыйзамсыз иштеп жаткан диний лагерь аныкталды

  • 3 месяца мурун

«Мариям» аталышындагы диний лагерь каттоосу жок иштеп жаткандыгы аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, аталган лагерде 9 жаштан 18 жашка чейинки кыздар үчүн «Тажвид», намаз окуу, дуба окуу, ошондой эле балдарды диний жактан тарбиялоо сабактары жүргүзүлгөн. Лагерь 1970- жылы туулган Баткен облусунун Ж.М.К. аттуу жаранына таандык экендиги такталды.

Диний лагердин окутуучулары менен тарбиячыларынын педагогикалык жана диний билими жок экендиги аныкталды. Мындан улам, аталган кемчилдиктер жоюлганга чейин лагердин иши токтотулду.

 Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты