Кызамык: жайылышы, белгилери жана алдын алуу жолдору

Кыргызстанда жыл башынан бери кызамык менен ооругандарын саны 11 миң 509 адамды түздү. Республикалык эмдөө борборунун маалыматына ылайык, алардын 92%ы ооруга каршы вакцина алган эмес. Бир эле учурда чоңдор үчүн да, жаш балдар үчүн да коркунучтуу болгон кызамык тууралуу кененирээк баяндайбыз.

Кызамык: жайылышы, белгилери жана алдын алуу жолдору

Тарыхый контекст

Кызамык — Morbillivirus тукумуна кирген РНК вирусу жараткан коркунучтуу инфекциялык оору. Бул илдет тарыхтагы эң жугуштуу жана байыркы оорулардын бири. Ал тууралуу алгачкы жолу IX кылымда персиялык дарыгер жана окумуштуу Абу Бакр Мухаммад Закария Рази жазган. Ал биринчи жолу кызамыкты чечек оорусунан бөлүп өзүнчө сүрөттөгөн. 

XVI кылымда дүйнөлүк каттамдардын кеңейиши менен кызамык континенттерге кеңири тараган. Ошол убактагы медицинанын алсыздыгы жана тамактануунун толук кандуу болбошу  абалды курчуткан. Азыр дискомфорт тартуулап, сейрек учурда гана өлүм менен аяктаган бул оорунун эпидемиясы 1529-жылы Кубанын жергиликтүү калкынын үчтөн экисинин өмүрүн алса, 1531-жылы Гондураста 50% элди жок кылган.

Европада болсо XVII кылым бою эпидемиялык абал токтогон эмес.

1963-жылы гана вакцинанын пайда болушу жана тамактануунун сапатынын жакшырышы ХХ кылымдан баштап өлүмдөрдүн азайышына алып келген. 

Бүгүнкү күндө бул оорудан эң көп жабыркаган континенттер Африка, Түштүк Америка жана Азия өлкөлөрү болуп эсептелет.

Кызамык: жайылышы, белгилери жана алдын алуу жолдору

Кызамыктын жайылышы

Оорунун жугуштуулук деңгээли жогору. Вирус жуктурап алган адамдын денесинде кызыл бүдүрчөлөр пайда болгонго чейинки 4 күн жана пайда болгондон кийинки 4 күн ичинде жугуштуу болот.

Ал аба жана шилекей аркылуу инфекцияланган адам жөтөлгөндө, чүчкүргөндө же жөн эле дем алганда жугушу мүмкүн. Оорулуу адам менен бир бөлмөдө болуу, буюмдарды чогуу колдонуу, кол алышуу, кучакташуу, өбүшүү — мунун баары ооруну жуктуруп алуу коркунучун жогорулатат. Инфекцияланган адам бөлмөдөн чыгып кеткенден кийин да сиз өзүңүздү коопсуз сезе абайсыз. Анткени вирус 2 саат бою абада кала берет жана бул убакыт ичинде таасирин жоготпойт. 

Оорунун белгилери жана  симптомдору

Алгачкы симптомдор илдетти жуктуруп алгандан кийин 8-12 күндүн ичинде пайда боло баштайт. Айрым учурда 21 күндөн кийин билинген учурлар да жок эмес. 

Негизги белгилери төмөнкүлөр:

— Дененин табы көтөрүлөт (38°C-40°C чейин көтөрүлүшү мүмкүн);

— Мурун агуу жана чүчкүрүү;

— Көздүн кызарышы жана сезгениши (конъюнктивит);

— Кургак жөтөл;

— Булчуңдардын ооруксунуусу;

— Ооздун ичинде кичинекей ак тактардын пайда болушу;

— Денеде, өзгөчө бетте жана моюнда кызыл-боз түстөгү майда бүдүрлөрдүн пайда болушу. Бул бүдүрлөр бир нече күндөн кийин бүт денеге жайылат.

Иммунитети жок — эмделбеген же эмделип бирок иммунитети калыптанбаган ар бир адам инфекцияны жуктуруп алышы мүмкүн. Эмдөөдөн өтпөгөн жаш балдар жана кош бойлуу аялдар кызамык оорусунун оор кесепеттерине дуушар болушат.

Оорунун өтүшүп кетиши

Кызамыктын өтүшүп кетиши ар кандай оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн, айрым учурда өтө олуттуу зыяндарды берет. Мисалы:

  • Диарея;
  • Отит (кулак инфекциясы)
  • Пневмония (өпкө инфекциясы)
  • Энцефалит (мээнин сезгениши) бул олуттуу неврологиялык көйгөйлөрдү жаратат жана кээде өлүмгө алып келет.
  • Кош бойлуулукта кыйынчылыктардын пайда болушу. Баланын аз салмак менен же мөөнөтүнөн мурда төрөлүшүнө алып келиши мүмүн.
Кызамык: жайылышы, белгилери жана алдын алуу жолдору

Дарылоо жана алдын алуу

Кызамыкты дарылоо үчүн конкреттүү дары-дармек жок. Андыктан илдет менен күрөшүүнүн эң эффективдүү жолу вакцинация болуп эсептелет. Кыргызстанда кызамыкка каршы жүргүзүлгөн пландуу КПК вакцинасы балдарга 12 айында жана 6 жашында жасалат.

КПК — кызамык, паротит жана кызылчага каршы  вакцина. КПК аркылуу алынган иммунитет бул үч оорунун түрүнөн коргойт. Вакцина ийин булчуңуна 0.5 мл өлчөмдө сайылат. Эмдөөдөн кийин ийне сайылган жер ооруксунуп, кызаруусу жана айрым учурда дене табынын көтөрүлүшү мүмкүн. Аллергиялык реакциялар вакцинанын терс таасири катары сейрек кездешет. Мунун алдын алуу үчүн вакцинанын курамындагы заттарга аллергия барбы же жокпу алдын ала текшерип алуу керек.

Саламаттыкты сактоо министрлиги кызамыкка каршы вакцинанын коопсуздугу көп жылдык практика менен далилденгенин жана эмдөөдөн кийинки реакциялар жеңил жана убактылуу экенин айтат.

Бала кезинде эмдөөдөн өтпөй калган жарандар эмне кылыш керек?

Кыргызстанда ар кандай себептерден улам убагында кызамыкка каршы эмделбей калган жарандар бар. Алар бул ооруга каршы азыр вакцина ала алышабы же жокпу деген суроого Республикалык эмдөө борборунун бөлүм башчысы Бурул Асыкбекова жооп берди.

Кызамык: жайылышы, белгилери жана алдын алуу жолдору

“Эгер жаран көрсөтүлгөн убакытта эмдөө албай калган болсо жана ооруга каршы иммунитети жок болсо, анда ал жогорку ыктымалдуулук менен ооруп калышы мүмкүн. Учурда жалпы өлкөнүн аймагында кызамыктын күчөшүнө каршы иммунизациялык кампания жүрүүдө. Анын алкагында бардык региондордо 9 айдан 7 жашка чейинки балдарга ККВ вакцинасы берилип жатат. Бирок эпидемиялык кырдаалга байланыштуу жеке коопсуздугу үчүн чоң адамдар да ККВ вакцинасын ала алышат”, — деди Бурул Асыкбекова.

ККВ — кызылча жана кызамыкка каршы тирүү, кургатылган, комбинацияланган вакцина. Ийин булчуңунун терисинин астына сайылат. Эмдөөдөн кийин ийне сайылган жерде кызаруу жана ооруксунуу сыяктуу реакциялардын болушу ыктымал. Алар кийинки үч күн ичинде өз алдынча жок болот.

ККВ вакцинасы Кыргызстанда иммунизациялык кампаниянын алкагында бериле баштаган.  2023-жылдын сентябрь айында өлкөгө бул вакцинанын 755 миң 500 дозасы келгени кабарланган. 

Жарандар вакциналарын кантип текшерсе болот?

Эгер кызамыкка же башка ооруларга каршы эмдөөнү алганыңыздан күмөн санап жатсаңыз, аны текшерип алганыңыз оң. Бул үчүн сиз катталган жериңиздеги медициналык борборго барып, өздүгүңүздү тастыктаган документ менен бала кезиңизде алган эмдөөлөр тууралуу маалыматты ала аласыз.

Кыргызстандагы соңку абал

19-июнга карата алынган маалыматтарга ылайык, 2024-жылдын башынан июнь айына чейин 11 миң 509 адамдан кызамык аныкталган. Региондорго бөлүп караганда эң көп ооругандар Бишкек шаарына туура келет — 4095 учур (357,6). Ош шаарында 755 учур (209,0), Ош облусунда 1648 учур (112,8), Баткен облусунда 436 учур (76,4), Чүй облусунда 2766 учур (258,8), Жалал-Абад облусунда 1348 учур (102,8), Ысык-Көл облусунда 195 учур (36,2), Нарын облусунда 136 учур (44,1), Талас облусунда  130 учур (47,5) катталган.

Кызамык аныкталган 11 миң 509 адамдын 10 миң 599у, башкача айтканда, 92%ы эмделбегендер. Алардын ичинен 3632 эмдөөгө жашы жете электер (32%), 4556 эмдөөдөн баш тарткандар (40%), 303 учур миграция менен келгендер (3%), 925 медициналык себептерге байланыштуу вакцина албай калгандар (8%), 1183 эмделгени аныкталбагандар (10%).

Кызамык: жайылышы, белгилери жана алдын алуу жолдору

Ал эми калган 910 оорулуунун (8%) ичинен  599 адам КПК вакцинасынын 1 эле дозасын алгандар (5%), 311 оорулуу 2 дозаны тең алгандар (3%). Эки дозаны тең алып, бирок кызамык менен ооруп калгандар өтө аз пайызды түзөт. Бул алардагы иммундук системанын калыптанбай калышы же алсыз болушу менен түшүндүрүлөт. Оору аныкталгандардын арасында дагы деле 1-4 жаштагы балдар басымдуулук кылууда. Айларга карата жүргүзүлгөн анализ май жана июнь айларында көрсөткүчтөрдүн акырындап түшүп баратканын көрсөтөт.

Кызамык: жайылышы, белгилери жана алдын алуу жолдору

Белгилей кетсек, 2023-жылы кызамык менен ооругандардын саны 7 046 адамды түзгөн. 2024-жылдын алгачкы жарым жылдыгы бул көрсөткүчтү ашып түшүп, эпидемиялык кырдаал жаралган.

Республикалык эмдөө борбору учурда КПК, ККВ эки вакцинасынын тең жетиштүү экенин белгилейт. Андыктан өзүңүздүн жана чөйрөңүздүн саламаттыгы үчүн эмдөөдөн баш тартпаңыз!

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты