“Кытайда жасалма күн асманга чыгарылды” деген маалымат чындыкка дал келбейт” (Фактчекинг) 

Социалдык тармактарда “Кытай “жасалма күндү” асманга чыгарды. «Жасалма күн» плазма схемасын күндүн температурасынан беш эсе жогору 17 мүнөттөн ашык ысытып, жаңы дүйнөлүк рекорд койду” деген маалыматтар тарап жатат. 

“Кытайда жасалма күн асманга чыгарылды” деген маалымат чындыкка дал келбейт” (Фактчекинг) 

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Кытайдын “жасалма күнү”

2021-жылы 30-декабрда Кытай Илимдер академиясынын плазма физика  институту  Tokamak EAST синтез реакторун эксперименталдык режимде ишке киргизди. 

“Жасалма күн” деп аталган бул эксперименттин жүрүшүндө Tokamak синтез реактору күндөн беш эсе катуу ысып, бул  жылуулукту 17 мүнөт кармай алган. 

“Кытайда жасалма күн асманга чыгарылды” деген маалымат чындыкка дал келбейт” (Фактчекинг) 

Аталган долбоорунун максаты,  күн сыяктуу чексиз таза энергия менен камсыз кыла ала турган технологияны иштеп чыгуу. Бул келечекте, альтернативалык энергиянын булагы катары каралышы күтүлүүдө. 

Белгилей кетсек, Кытайдагы EAST долбоору 2006-жылы ишке кирген. 15 жылга жакын убактан бери Кытайлык окумуштуулар күн сыяктуу энергияга ээ болгон технологияны ойлоп табууга аракет кылып келишет. КНРдин өкмөтү бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 1 триллион доллардан ашуун акча короткон. 

Азыркы учурда бул изилдөө Кытайдын Аньхой провинциясынын борбору Хэфэй шаарында улантылууда.

Жасалма күн эмес, ракета учурулган

Видеодо, көлдүн жээгиндеги адамдардын топтолуп асманга көтөрүлгөн жарыкты тартып жаткандарын көрүүгө болот. Reuters маалымат агенттигинин билдирүүсүндө адамдар “ракета учурушту” деп бир канча ирет айтышкан. 

Анткени дал ушул күнү, Кытайдын  Вэнчан космодромуна жакын Лонлоу аймагында “Чанчжэн-7А” ракетасы учурулган. 

Cүрөттө көрүнүп тургандай, видео Лонлоу аймагында тартылганы анык. 

“Кытайда жасалма күн асманга чыгарылды” деген маалымат чындыкка дал келбейт” (Фактчекинг) 

Ал эми аймакта тартылган башка видеодо, асманга ракета көтөрүлүп жатканын даана байкоого болот. 

2020-жылы Кытайлык “Синьхуа” маалымат агенттиги “Лонлоу аймагында ракеталардын учканын көрүү үчүн туристтер агылып келет” деп айтылат. 

Тактап айтканда, “жасалма күн” эксперименти менен космоско учурулган ракета эки башка провинцияда жайгашкан. Ал эми “жасалма күн” проекти толугу менен бүтө элек жана эксперименталдык гана болуп эсептелет. 

Жыйынтык: Кытай “жасалма күн” экспериментин жүргүзүп жатканы чындык. Бирок, Лонлоу аймагында асманга ракета учурулган. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты