“Кытайда футбол боюнча дүйнө чемпионаты түз эфирде жасалма беткап тагылган фильтр менен көрсөтүлдү”. Текшеребиз

“Лепа Новости” аттуу телеграмм каналында Катарда өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатынын түз эфири Кытайда беткап коюлган фильтр менен берилгендиги тууралуу маалымат жарыяланган. 

Анда бул ыкма Кытай бийлигинин өлкөнүн калкын беткап кийүү зарылдыгына ынандыруу үчүн жасалганы айтылат.

“Кытайда футбол боюнча дүйнө чемпионаты түз эфирде жасалма беткап тагылган фильтр менен көрсөтүлдү”. Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Виртуалдуу беткап

Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталгандан кийин кээ бир маалымат каражаттарында Кытай түз эфирлерде футболчуларга жана күйөрмандарга виртуалдуу беткап тагып жатканы тууралуу билдирүүлөр тараган. 

Бул КЭРдин өлкөнүн ичиндеги “беткап саясатына” нааразы болгондорду басуу аракети катары бааланган. 

“Кытайда футбол боюнча дүйнө чемпионаты түз эфирде жасалма беткап тагылган фильтр менен көрсөтүлдү”. Текшеребиз

Далил катары футбол боюнча дүйнө чемпионатында 20-ноябрь күнү Катар жана Эквадор курама командалары ойногон оюн келтирилген. Кытайдын CCTV каналында жарыяланды делген видеодо футболчуларга жана күйөрмандарга виртуалдуу беткап тагылып жатканын көрүүгө болот.

“Кытайда футбол боюнча дүйнө чемпионаты түз эфирде жасалма беткап тагылган фильтр менен көрсөтүлдү”. Текшеребиз

Бул маалыматттын түп нускасын табуу мүмкүн болбосо да бул маалыматтын чындыкка дал келбей турганын Кытайдын тургундары жана социалдык тармактын колдонуучулары жазып, түз эфирлерге шилтеме беришкен.

Анда Кытайда көрсөтүлгөн футбол боюнча дүйнө биринчилигинин түз эфирлери өзгөртүүсүз берилгенин көрүүгө болот. 

“Кытайда футбол боюнча дүйнө чемпионаты түз эфирде жасалма беткап тагылган фильтр менен көрсөтүлдү”. Текшеребиз

Ал эми Кытайдын CCTV  мамлекеттик каналында да түз эфирлерде манипуляциянын мындай түрү колдонулбаганын көрүүгө болот. 

“Кытайда футбол боюнча дүйнө чемпионаты түз эфирде жасалма беткап тагылган фильтр менен көрсөтүлдү”. Текшеребиз

Мындан сырткары, виртуалдуу беткап эффектисин Инстаграм, TikTok сыяктуу социалдык тармактардан оңой эле жасап коюуга болот.

“Кытайда футбол боюнча дүйнө чемпионаты түз эфирде жасалма беткап тагылган фильтр менен көрсөтүлдү”. Текшеребиз

Башкача айтканда, Кытайда футбол боюнча дүйнө чемпионатынын түз эфирлери виртуалдуу беткап менен көрсөтүлдү деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Манипуляциянын башка түрү 

Бирок футбол боюнча дүйнө чемпионаты учурунда Кытайда цензуранын башкача түрү колдонулганы белгилүү болгон.

Ага ылайык, Кытайдагы мамлекеттик телеканалдарда футболчулар жана күйөрмандар чоң кадрга алынбай масса түрүндө берилген. Бул нерсени белгилүү австралиялык журналист Билл Бертлез далилдеп берген. Ал Австралиядагы SBS телеканалы менен Кытайдагы CCTV каналы бир убакта берген футболдун түз эфиринде чоң айырма бар экенин көрсөткөн. 

“Кытайда футбол боюнча дүйнө чемпионаты түз эфирде жасалма беткап тагылган фильтр менен көрсөтүлдү”. Текшеребиз

Белгилүү болгондой, Кытайдын CCTV борбордук телевидениеси футбол учурунда спортчуларды жана күйөрмандарды алыстан, масса түрүндө көрсөткөн. Бул учурда алардын бети жакшы көрүнбөй, беткап такпаганы да көп суроо жараткан эмес. 

Кытай жана коронавирустук чектөө

Ноябрь айында Кытайда коронавирустук чектөөлөргө байланыштуу бир катар нааразычылык акциялары өткөрүлгөн. Митингге чыккандар кытай бийлигинин “COVID-19га жол бербөө” саясатын сынга алып, чектөөлөрдү алып салууну талап кылышкан. Акцияга чыккандардын айрымдары Си Цзиньпиндин отставкасын да талап кылышкан. 

Белгилей кетсек, Кытай бийлиги “COVID-19га таптакыр жол бербөө” деп аталган саясатты карманат. Ага ылайык, оорунун очогу аныкталган учурда жапырт обочолонуу жана жашоочуларды массалык түрдө тесттен өткөрүү каралган. Буга эң көрүнүктүү мисал — ушул жылдын жазында болгон Шанхай шаарындагы локдаун. Анда 26 миллион калк жашаган шаардын тургундарынын көпчүлүгү үйлөрүндө жана атайын мекемелерде камалып калышкан. Буйрутма аркылуу үйлөргө тамак-аш ташыган кызматтар жетише албагандыктан айрым тургундар ачка калган. Шанхайдагы локдаун 2,5 айга созулган.

Жыйынтык: Кытай футбол боюнча дүйнө чемпионатында жасалма беткапты эмес, кадрларда массаны алдыңкы планга чыгаруу манипуляциясын колдонгон. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты