“Кытай-Евразия ЭКСПО” алкагында 40тан ашык  документке кол коюлду

  • 2 месяца мурун

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Үрүмчү шаарында өткөрүлгөн “Кытай-Евразия ЭКСПО” алкагында Кыргыз Республикасынын жана Кытайдын мамлекеттик органдарынын, ошондой эле бизнес-коомчулугунун ортосунда 40тан ашуун документке кол коюлду. 

Бул тууралуу Министрлер кабинети сайтында билдирди.

Документтерге ол коюу аземине Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар ишкерлер катышты. 

Алар өз тармактары боюнча B2B форматында да жолугушууларды өткөрүп, аны менен бирге далилдүү сунуштарды жана инвестициялык долбоорлорду карап чыгышты.  

“Кытай-Евразия ЭКСПО” жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда энергетика, машина куроо, логистика, соода жүгүртүү, тоо-кен, кызматташуу сыяктуу жана башка тармактарындагы 40тан ашуун эки тараптуу документке кол коюлду, анын ичиндеги документтердин суммасы 1 млрд 500 млн доллар.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты