Кытай бийлиги орозо кармоо үчүн Шинжаң-Уйгур автономиялык районундагы 50 адамга гана уруксат бердиби?
Текшеребиз

5-апрель күнү “holanewskz” сайтында “Шинжаң (Синьцзян)  бийлиги Рамазан айында мусулмандарга орозо кармоого квота киргизди” деген маалымат жарыяланган. Анда Кытайдын Үрүмчү, Кашкар жана Хотан сыяктуу Шинжаң провинциясындагы 50гө жакын гана мусулманга быйыл орозо кармоого уруксат берилгени айтылат. Маалыматты жергиликтүү тургундар билдиргени белгиленген. 

Кытай бийлиги орозо кармоо үчүн Шинжаң-Уйгур автономиялык районундагы 50 адамга гана уруксат бердиби?<br>Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

10-50 адамга бөлүнгөн квота 

Шинжаң-Уйгур автономиялуу районунун бийлиги Рамазан айында орозо кармоого мусулмандар үчүн квота киргизгени тууралуу маалымат алгач  4-апрель күнү “Radio Free Asia” сайтында жарыяланган.

Анда Үрүмчүдөгү айрым кварталдык комитеттерде жана мусулмандар жашаган ар бир региондо 1-апрелден май айына чейин созулган Рамазан айында, 10-50 гана мусулманга орозо кармоого уруксат бериле турганы айтылат. Кабарда белгиленгендей, орозо кармоону каалаган мусулмандар бийлик органдарына катталышы керек.

Белгилей кетсек, Шинжаң-Уйгур автономиялык районунун расмийлери бир нече жылдардан бери уйгурларга жана башка түрк мусулмандарына Рамазан айында орозо кармоого уруксат бербей келген. Анын ичинде мамлекеттик кызматкерлерге, студенттерге жана мугалимдерге орозо кармоого таптакыр тыюу салынган. Мисалы, 2015-жылы “Radio Free Asia” сайты Рамазан айында мусулмандарды көзөмөлдөө тууралуу документтердин көчүрмөсүн алышканы ЖМКларда чыккан. Анда “саясий жактан ишенимсиз үй-бүлөлөрдү катуу көзөмөлгө алуу, алар орозо айында күн сайын эртең менен жана кечинде бийликке жеке отчет берип турууга милдеттендирүү” тууралуу пункттар бар экени белгиленген. 

Буга чейин да бир топ иликтөөлөрдө Кытай бийлигинин мусулман азчылыгын кысымга алган фактылар көрсөтүлгөн. Бир катар өлкөлөр Шинжаңдагы уйгурларды жана башка улуттук азчылыктардын өкүлдөрүн кысымга алып, “кайра тарбиялоо лагерлерине” камап, өз тили менен маданиятынан баш тартууга мажбурлап жатат деп Кытайды айыптап келет. 

Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Уйгур адам укуктары долбоору (UHRP)  жарыялаган изилдөөдө Кытай 2014-жылдан бери Шинжаңда кеминде 1046 динаятчыны түрмөгө камап салганын билдирген. Алардын ичинен 18 адам камакта же бошотулгандан кийин каза болгон.

UHRP билдиргендей, кармалгандардын арасында 850 имам, 122 молдо, 20 азанчы жана башка дин кызматкерлери бар. Уюм 428 диний ишмер түрмөгө камалып, 202си лагерлерге жөнөтүлгөнүн аныктаган.

Кытай бийлиги орозо кармоо үчүн Шинжаң-Уйгур автономиялык районундагы 50 адамга гана уруксат бердиби?<br>Текшеребиз

Кытайдын бийлиги бул лагерлерди терроризм менен экстремизге каршы “билим берүү борборлору” деп атап, айтылган дооматтарды четке каккан. Ошондой эле Кытай диний кызматкерлерди «экстремизмди жана сепаратизмди пропагандалоодо» жана «митингдерге жана жарандык толкундоолорго чакырууда» деп айыптаган. Бирок, документтерде жана күбөлөрдүн айтымында, алар имамдык кызматты аркалаганы, намаз окуганы, нике кыйганы, даават кылганы жана динди үйрөткөнү үчүн кармалган. Алардын айрымдары чет өлкөдө билим алганы үчүн да жазаланышкан.

Иликтөөлөргө ылайык, кармалган динаятчылардын көбү уйгурлар (843 адам) жана казактар ​​(187 адам) болгон. Ошондой эле 12си кыргыз, бир өзбек жана бир татар болгон. 

Amnesty International уюму Кытай системалуу түрдө миллиондогон мусулмандарды көзөмөлдөө жана азчылыкка каршы “геноцид” жасоо менен “Адамзатына каршы кылмыш жасоодо” деп баалаган. 

Кытай бийлиги: “Мусулмандарга эч ким тоскоолдук жараткан жок” 

Кытай бийлигинин системалуу түрдө мусулмандарга кысым жасап жатканы тууралуу билдирүүлөрдү дайыма четке кагып келет. 

Мисалы, 2021-жылы Рамазан айында мусулмандардын орозо кармоосуна эч кандай тоскоолдук жок экенин “Синьхуа” маалымат агенттиги жазып чыккан. 

Ал эми Кытайдын официалдуу сайттарында Рамазан айында топтолуу кооптуу экенин билдирген негативдүү багыттагы эскертүүлөр чыгып келет. Тактап айтканда, Рамазан айында “Ислам мамлекети” деп аталган террор топтору активдүү болуп, адам өмүрүнө коркунуч жаратуулары мүмкүн экени белгиленет. 

Кытай бийлиги орозо кармоо үчүн Шинжаң-Уйгур автономиялык районундагы 50 адамга гана уруксат бердиби?<br>Текшеребиз

Белгилей кетсек, 2020-жылдагы маалымат боюнча Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялуу районунда 25 миллиондон ашуун адам жашайт. 

Жыйынтык: Кытайда мусулмандардын орозо кармоосу үчүн квота киргизилгени тууралуу маалыматты “Radio Free Asia” сайты жазып чыкканы чындык. Маалыматтар Шинжаң-Уйгур районунда жашаган мусулмандарга шилтеме берүү менен жазылган. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты