Кытай 1-сентябрдан тартып дрон экспортун чектейт

  • 2 месяца мурун

Кытай 1-сентябрдан тартып аскердик максатта колдонулушу мүмкүн болгон бардык дрондордун экспортуна тыюу салат. Бул тууралуу маалымат өлкөнүн соода министрлигинин сайтына жарыяланды.

«Мындай чечим массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууда дрондорду колдонууга жол бербөө максатында кабыл алынды. Мындан тышкары визуализацияда пайдаланылуучу инфракызыл жабдуулар, бутаны көрсөтүүчү лазерлер жана так инерциялык өлчөө жабдуулары да экспорттук көзөмөлдүн тизмесине киргизилет» деп жазылган маалыматта.

Министрликтин бул билдирүүсү АКШ менен өнөктөштөрү Кытайды Орусияга аскердик товарларды «жеткирип жатканы үчүн» сынга алып жаткан маалда жасалды.

Күн мурун АКШнын каржы министрлигине караштуу чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) Ирандын баллистикалык ракеталар жана учкучсуз учуучу аппараттар программасы үчүн негизги компонеттерди сатып алууга жардам берип жаткан компаниялар менен жеке жактарга, анын ичинде кытай компанияларына санкция салган.

НАТО лидерлеринин июлдун башында жарыяланган биргелешкен декларациясында Орусиянын Украинага каршы согушунда Кытай «чечүүчү фактор» экени, анткени Бээжиндин Москва менен «чексиз» өнөктөштүгү жана анын «Орусиянын коргонуу өнөр жай базасын кеңири масштабда колдоосу» – Москвага согушту улантууга мүмкүндүк жаратып жатканы белгиленген.

Батыш ЖМКларынын маалыматтарына ылайык, Украинада согуш башталгандан бери Кытай Орусия үчүн түрдүү курал-жарактарды, анын ичинде ракеталарды өндүрүүгө керектүү болгон товарлардын негизги жеткирүүчүсүнө айланган.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты