Кыргызстанга Швейцариянын тышкы иштер федералдык департамент башчысы Иньяцио Кассис келди

  • 2 месяца мурун

Кечээ, 2-июлда, «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна Швейцариянын тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассис Кыргыз Республикасына расмий сапары менен учуп келди.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 3-июлда Министр Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөр пландалып, кыргыз-швейцария кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров тарабынан Федералдык департаменттин башчысы Иньяцио Кассисти кабыл алуу күтүлүүдө.

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты