Кыргызстандын жана Швейцариянын тышкы иштер министрлери Чолпон-Атада жолугушту

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 3-июлда, Чолпон-Ата шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швейцариянын тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы, Швейцариянын федералдык кеңешчиси Иньяцио Кассис менен жолугушту.

Тышкы иштер министри өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө чоң роль ойногон швейцариялык долбоорлорду Кыргызстанда ишке ашыруунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.

Мисалы, 2022-2025-жылдарга карата “Кыргызстан – Швейцария” кызматташтык программасы 80 миллион швейцариялык франк өлчөмүндөгү долбоорлор инклюзивдик жана туруктуу экономикалык өнүгүү, адам укуктары, мамлекеттик башкаруу жана кызматтарды көрсөтүү, климаттын өзгөрүшү жана суу ресурстары сыяктуу тармактарды камтыйт.

Өз кезегинде Иньяцио Кассис учурда 2025-2028-жылдарга кызматташтык программасынын долбоору иштелип жаткандыгын билдирди.

Экономикалык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулап жатып, министр Жээнбек Кулубаев 2023-жылы өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү 1,1 миллиард АКШ долларына жеткендигин жана тараптар бул көрсөткүчтү сактап калуу, ошондой эле өз ара сооданы мындан ары жогорулатуу боюнча чараларды көрүү зарылдыгын канааттануу менен белгиледи.

Экономикалык кызматташтыкты чыңдоо алкагында тараптар соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын, ошондой эле бизнес-форумду Швейцарияда өткөрүүнү макулдашышты.

Жээнбек Кулубаев швейцариялык компанияларды Кыргызстанга чакырып, өзгөчө 1996-жылдан бери Швейцариянын «Сүт Булак» компаниясы Ысык-Көл облусунда ийгиликтүү иштеп, «Dairy Spring» бренди аркылуу жогорку сапаттагы продукцияларды чыгарып жаткандыгын баса белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн өзүнчө темасы энергетика тармагындагы маселелер болду. Федералдык кеңешчи Иньяцио Кассиске Дүйнөлүк банктын активдүү жардамы менен 2024-жылдын 10-11-июнунда Вена шаарында өткөн Камбар-Ата ГЭС-1 куруу долбооруна арналган эл аралык энергетикалык форумдун жыйынтыктары тууралуу кыскача маалымат берилди.

Ошондой эле швейцариялык тарап 2023-жылы Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо боюнча 20 миллион швейцариялык франк өлчөмүндөгү долбоорду ишке ашыргандыгына ыраазычылык билдирди. Ошол эле учурда швейцариялык тарапка “жашыл” энергетика боюнча кызматташууну активдештирүү сунушталды.

Министр Жээнбек Кулубаев бүгүнкү күндөгү “тоо” күн тартибинде турган маселелерди көтөрүп, Швейцарияны 2027-жылга белгиленген Бишкек Тоо саммитин биргелешип уюштурууга чакырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты