Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрү өтөт

  • 2 месяца мурун

18-22-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы маданият күндөрү өтөт. Делегацияны маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов жетектейт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги белгилегендей, иш-чарага расмий жана чыгармачылык интеллигенция өкүлдөрү, Кыргыз улуттук “Манас” театры, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Чалагыз Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук – этнографиялык ансамбли, Чоро Кожомжаров атындагы эстрада-симфониялык оркестри, Нурдин Түгөлов атындагы Кыргыз мамлекеттик “Ак-Марал” бий ансамбли, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры, Кыргыз улуттук тарых музейи, “Дилгир” жана “Шаттык” үлгүлүү бий ансамблдери, белгилүү кино ишмерлери, кол өнөрчүлөр жана белгилүү солисттер катышат.

Жалпысынан маданий күндөргө Кыргызстандан 200дөн ашуун өнөр адамы барып, кыргыздын искусство чеберлеринин концерти, кол өнөрчүлүгү, сүрөт искусствосу, кыргыз кинолору, улуттук бийлери жана спектакли тартууланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты