Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун сыйлыгына татыды

  • 1 неделя мурун

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүүгө кошкон салымы үчүн Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) сыйлыгы ыйгарылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, сыйлык 25-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун жугуштуу эмес ооруларга каршы глобалдык күрөш маселелерине арналган жыйынында саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Ренат Мавланбай уулуна тапшырылган.

«Бул сыйлык Кыргыз республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин гана эмес, жугуштуу эмес оорулардын жүгүн азайтуу үчүн күн сайын эмгектенип жаткан бардык адамдардын эмгегин баалоо экенин белгилейбиз. Мындан ары да калк саламаттыгына кам көрүү боюнча аракеттерибизди улуттук жана глобалдык деңгээлде улантабыз»,- деп айтылат министрлик жарыялаган маалыматта.

Сүрөт: med.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты