Кыргызстандын окуучулары эл аралык математика олимпиадасында алтын, үч күмүш медаль жана эки Мактоо грамотасына ээ болду  

  • 2 месяца мурун

Улуу Британияда өткөн эл аралык олимпиадада Кыргызстандын окуучулар командасы алтын жана үч күмүш медаль, эки Мактоо грамотасын алып, жыйынтыгында абсолюттук рейтингде 29-орунга ээ болду.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылы Улуу Британияда өткөн Олимпиадага 108 өлкөдөн 609 окуучу катышкан, алардын 81ин кыздар түздү. Кыргызстандын командасынын жетекчиси — Тимур Мамбетов.  

Бул жылы катышуучулар  үчүн максималдуу мүмкүн болгон упай саны — 42. Эң жогорку упайды быйыл да Кытайдан келген Haojia Shi  аттуу кыз топтой алды. Ал 2023-жылдагы акыл таймашта да атаандаштарын артка калтырып, алтын медаль тагынган.

Сыйлангандар:

Кыргызбаев Назар — алтын медаль, №61 мектеп;

Ян Бобрус — күмүш медаль, “Газпром-Кыргызстан”;

Искандеров Эльдар — күмүш медаль, UWIS;

Кенжебаев Искен –күмүш медаль -22 балл, “Сапат” лицейи;

Эшперов Нурсултан-13 балла, Ардак грамота, “Газпром Кыргызстан”;

Мусакожоев Султан -11 балл, Ардак грамота №70 мектеп.

Кыргызстандын окуучулары эл аралык математика олимпиадасында алтын, үч күмүш медаль жана эки Мактоо грамотасына ээ болду  

Эл аралык 65-олимпиадада 54 катышуучу алтын медаль, 121 катышуучу күмүш, 145 катышуучу коло медалы жана 170 катышуучу Мактоо грамоталары менен сыйланышты. 

Кыргызстан курамасынын Олимпиадага баруусуна каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

Сүрөттөр: edu.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты