Кыргызстандын мектептерине 50 автобус Орусиянын “Евразия” коммерциялык эмес уюму тарабынан берилди  

  • 2 недели мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн алыскы аймактарындагы билим берүү мекемелерине 50 мектеп автобусун тапшыруу аземине катышты. Автобустар «Евразия» эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү коммерциялык эмес автономдуу уюму тарабынан берилген.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.
 
“Кыргызстан менен Россиянын ортосунда эчактан бери бекем өнөктөштүк бар жана биз россиялык кесиптештерибиздин өлкөбүздүн билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалайбыз” деди Акылбек Жапаров.
 
2010-жылы мамлекет тарабынан 15 мектеп курулса, 2023-жылы 105 мектеп курулган. Бул убакыттын ичинде балдардын саны дээрлик жарым миллионго көбөйдү. 

Салтанатта Орусия Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары Борис Чернышов, ошондой эле Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты – «Евразия» АКУ Кеңешинин төрайымы Алена Аршинова куттуктоо сөз сүйлөдү.

Сүрөт: gov.kg
 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты