Кыргызстандын мектептеринде жаңы окуу жылы башталды

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 2-сентябрда Кыргызстандын мектептеринде жаңы окуу жылы башталды. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктады.

Өлкө башчы бул окуу жылында республика боюнча 127 миңден ашуун жеткинчек алгач ирет билим уясынын босогосун аттап жаткандыгын билдирип, агай-эжейлерди, окуучуларды, студенттерди жана ата-энелерди 1-сентябрь – Билим күнү менен куттуктады.

«Бүгүнкү тез өзгөрүп жаткан дүйнө жүзүндө санариптин, технология заманынын арааны жүрүп жаткан кезде, кайсы гана мамлекет болбосун, билим берүү тутуму өнүгүүнүн өзөгүн түзөрүн аңдап, бул тармакка өзгөчө мамиле жасап келатышат.Биз дагы дүйнө агымынан артта калбай, билим берүү тармагын туруктуу өнүктүрүүнү мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатынын артыкчылыктуу багыты катары карап, окутуунун сапатын арттыруу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү далалатын көрүп келебиз»-деген президент куттуктоосунда.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында, быйыл жалпы билим берүү мекемелериндеги окуучулардын саны 1 миллион 491 миң (1-11-класс). Бул 2023-жылга салыштырмалуу 43 миң балага көп.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты