Кыргызстандын картошкасы Өзбекстанга экспорттоло баштады

  • 2 недели мурун

Кыргызстандын картошкалары Өзбекстандын Фергана шаарындагы «Дехкан» базарында сатыкка чыгып баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Өзбекстанда Ноокат картошкасы дүң баада 29-30 сом, ал эми чекене баада 35 сомдон сатылса, Ысык-Көл картошкасы дүң баада 31,2-32,2 сом, чекене баада 37 сомдон сатылууда. Ал эми Наманган шаарында картошка 30,2 сомдон сатыкта турары айтылды.

Кыргызстандан картошка жүктөп барган оор жүк ташуучу унаалар картошканы 3-4 күндүн ичинде сатып түгөтүп жаткандыгы кошумчаланды.

«Эске салсак, министрлик буга чейин картошканы эл аралык рынокко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн, тоскоолдуктары жана аларды жоюу жолдору боюнча жыйын өткөргөн. Анда ата мекендик өндүрүүчүлөр менен бирге картошканы Өзбекстанга экспортоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн»,-деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Сүрөт: agro.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты