Кыргызстандын Көкбөрү федерациясы казак көкпарчыларын “Биримдик Кубогуна” чакырды

  • 3 дня мурун

Кыргызстандын Көкбөрү федерациясы казак көкпарчыларын 1-ноябрга “Биримдик Кубогуна” чакырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев билдирди.

“Кыргызстандын Көкбөрү федерациясы Казакстандын Көкпар федерациясы менен кызматташтыгын мындан ары да улантат жана тыгыз иштешкенге даяр. Көчмөндөр оюндарында түшүнбөстүк бул калыстардын катачылыгынан болду. Оюндагы калыстар үчүн же бир-эки оюнчунун айынан эки эл бири-бири менен кайым айтышпашы керек. Биз көкбөрү күйөрмандарын ынтымакка чакырабыз» деди Жунусалиев.

Астанада өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар жана көкбөрү боюнча оюндар өз-өзүнчө өткөн. Көкбөрүдөн финалдык беттеште кыргыз курамасы Казакстандын көкбөрү курамасы менен беттешип, 10:4 эсебинде жеңишке жетти. Көкпардан да финалда казак жана кыргыз курамалары күч сынашып, Казакстан 5:4 эсебинде уткан.

Көкпардан өткөн финалдык оюн учурунда чыр чыгып, оюн 35 мүнөттөй токтотулган. Биринчи таймдын 13-мүнөтүндө эсеп 3:1 болгондо Казакстан курамасынын оюнчусу Улан Байтөреев атаандашы Кубанычбек Султан уулун камчы менен чаап жиберген. Ушундан улам нааразылык болуп, биринчи тайм бүтөрүнө 6 мүнөт 7 секунд калганда оюн токтотулуп, кийин кайра уланды. Бул оюндан кийин күйөрмандар арасында нааразылык жаралып, Кыргыз көкбөрүчүлөрү оюн калыс болбогонун айтышкан.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкбөрүдөн өткөн мелдештерге алты команда, көкпардан өткөн мелдештерге тогуз команда катышты.

Сүрөт: kokboru.net

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты