Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн Бангладеш жарандары кармалды

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы менен бирге 25-июнда Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн Бангладештин 11 жаранын кармашкан.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

“2024-жылдын 8-июнунда Бангладеш жарандары Өзбекстанга эмгек миграциясы үчүн келишкен, бирок жумуш таппай, белгиленген мамлекеттик чек ара бекеттерин айланып өтүү менен Кыргыз Республикасынын аймагына өтүүнү чечкен” деп айтылат маалыматта.

Бангладештин жарандары менен бирге мыйзамсыз миграциялык канал уюштурган Кыргызстандын жараны Н.А.И. кармалган. Учурда кылмышка шектүү башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты