Кыргызстандыктардын алгачкы тобу ажылык сапардан кайтып келди

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 23-июнда, кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Мекенибизге кайтып келди.

Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек Токтомушев ажыларды Ош эл аралык аэропортунан тосуп алды.

Сауд Арабиясында ажылык сапар учурунда каза болгон зыяратчылардын саны миңден ашты. Бул тууралуу AFP агенттиги дипломатиялык булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Сауд Арабиясынын Улуттук метеорологиялык борборунун маалыматына ылайык, 17-июнда Меккедеги Чоң мечиттин көлөкөсүндөгү абанын температурасы 51,8 градуска жеткен.

Быйыл Меккеге 1 миллион 800 миңден ашуун адам ажылык зыярат үчүн барды. Өткөн жылдагы ибадат учурунда ысыктан кеминде 240 адам каза болгон.

Сауд Арабиясы быйыл ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Ажылыкка баруунун акысы 3750 АКШ доллары деп бекитилген.

Ажылык – ислам дининдеги негизги беш парздын бири. Бул учурда дүйнөнүн булуң-бурчунан мусулмандар Сауд Арабиясынын Мекке жана Медина шаарларына зыяратка барышат.

Сүрөт: muftiyat.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты